www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2014-2015-жылдар аралыгында Люксембург, Новопокровка айыл өкмөттөрүнүн жана Ысык-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдары “А.-Т.” ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген соттун чечиминин негизинде Люксембург жана Новопокровка айылдарындагы айыл чарба багытындагы 10,9 га жерлерин мөөнөтсүз пайдаланууга аталган ЖЧКга мыйзамсыз берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп беришкендиги аныкталган.

Ошондой эле 2021-жылы Ысык-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдары кылмыш аракеттерин улантышып, Ысык-Ата райондук сотунун кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланышы бар адамдар жана "А.Т." ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын мыйзамсыз көздөө максатында алардан 75 миң доллар өлчөмүндө пара алышып, Ысык-Ата райондук сотунун чечимин жасалмалоо жолу менен жогорудагы жалпы аянты 10,9 га жердин ичинен Люксембург айылындагы 1,9 га айыл чарба жерлерди максаттуу багытын “өндүрүш алдындагы жерлерге” өзгөртүү менен “А.-Т.” ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз берип жиберишкен.

Жогоруда белгиленген мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпысынан 70 млн 559 миң сомдук зыян келтирген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жана прокурордук чара көрүү актыны кароонун алкагында 54 млн 417 миң сомдук 1,9 га жер мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Ал эми аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча Тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости