www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара чачты бубак кар басты

Ажо Алмазбек Атамбаевдин легендарлуу парламенттеги кези. Абийир, адилеттүүлүк жана адамдык бийик сапаттын ээси, тазалыктын үлгүсү болгон Апсамат Масалиев менен туру. Ажонун жалын жаштыгы коштогон көмүрдөй кара чачы. Андан бери жыйырма жылдан ашуун же чейрек кылым убакыт өтүптүр.

Бир кездеги көмүрдөй кара чачты ак бубак басып, мезгил өз жеӊишине тартып барат. Ал ортодо ажонун башынан эмнелер гана өтпөдү?.. Акыйкаттык үчүн күрөштүн анабашында туруп эки революцияны, ички чагымчылардын айынан чыккан улуттар аралык урушту, коомду кокуй турмушка түрткөн коррупционерлер менен аёосуз күрөштү, саясый оппоненттердин санатка айланган асылмайларын өткөрдү.

Майышпады… Тизе бүкпөдү… Очорулбады… Жалакайланбады… Майтарылбады… Бүгүнчү?.. Мамлекет башында элдин бүгүнкү жакшы турмушу, эртеңки жаркын келечеги үчүн жан үрөп келет. Экономикадабы, элеттеби, коомдук аң сезимдеби, мамлекет бүтүндүгүндөгүбү аракеттери да өз мезгилинен кечикпей түшүмүн берүүдө.

Арийне, аны баалагысы келбегендер же ичтардыктын иримине бой ургандар же жөн эле көрө албас ээнооздор ар качан жаманаттылап, капталдан уруп, тизеге чабууга аракеттерин көрүүдө. Анткен менен мезгил тараза, тарых тараза. Кимдин орду кайда экенин алардан мурда озуп, али эч ким айта албайт. Мезгил закымдайт, жаш өйдөлөйт, кара чачты бубак аралайт.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости