www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда  криминалдык чөйрөдө дагы ахыбал анчейин эмес болуп тургандай. Ош облусунун "смотрящийи" Кадыр Досонов, каймана аты "Женго" барган сайын кандайдыр бир таасирдүү саясий күчкө таянып алып, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевден таасир талашып жатканы ачык эле белгилүү болуп жатат. Кара дүйнөнүн өзүнө тиешелүү ички мыйзамдарына баш ийбей, өз алдынча ар кандай кыймыл-аракеттерди жүргүзүүдө.

Тээ Бакиев бийлигинде криминалдар укук коргоо органдарын көзгө илбей кутуруп калышты эле. Дал ошондой жагдай Ошто башталды. Мунун арты кандай кайгылуу окуялар менен аяктаары белгисиз, Жаныш Бакиевдин башкесери Анапияевдин командасында жүргөн балдар четинен жанданышып, учурда кылмыш дүйнөсү кыйла эле жанданып калды. Жагдай өтө эле опурталдуу болуп калды. Буйрутма адам өлтүрүүлөр, ур-токмокко алуулар Бакиев бийлиги тушунда катуу күч алганын эске алыш керек. Кылмыш дүйнөсү саясатка аралашкандан кийин аны токтотууга кеч болуп калат, -деп “Ачык саясат” гезити жазып чыкты.

Последние новости