www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кудайга” кылмыш иши козголду

Бишкек милициясы тарабынан айтылуу “Зима не будет” - Арстан Алайдын "Кудаймын" деп айткан сөзү боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирди.

Андагы маалыматтарга ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Эскерте кетсек, буга чейин “Зима не будет” деген термин менен таанымал болуп, коомчулукта ошол каймана атты алып жүргөн Арстан Алай бул ирет өзүн "Кудай" болуп дайындалганын, 2020-жылы бүткүл ааламдын президенти болоорун жар салган. Ал эми анын тарапташтары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду “бийликти тынчтык жолу менен Арстан Алайга өткөрүп берүүнү” талап кылып чыгышкан.

Эки күн мурда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов бул маселени көтөрүп чыгып, теңирчилик расмий катталган-катталбаганын жана бул агымды үгүттөп, өздөрүн “Кудаймын” дегендер кандай жоопкерчилик тартаарына кызыккан. Буга жооп катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлө турганын айткан.

Бирок, андан кийин ага карата кандай экспертиза жүргүзүлгөнү, жыйынтыгы эмне болгону тууралуу эч бир жерде, эч нерсе айтылган жок.

Коомчулуктун соцтармакта олтурган агымы “Экспертизаны кандай, эмнени негизинде жүргүзөт?”, “Арстан Алайдын Кудай же Кудай эместигин кантип аныктайт?”, “Ал кокус Кудай экен деген жыйынтык чыгып калсачы?” деген какшык-чыны аралаш сындарды Дин иштери боюнча мамкомиссияга жаадырышууда. А бул убакта кылмыш иши козголуп чыга келди...

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости