www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 (уландысы)

“Чолпон Баекованын жардам катары берген “Волга” менен жансакчы Гармдан нары жарабай калды”

...Ошол жерден эжекебиз “Бизден кандай жардам керек? Моджахеддер биз менен (бийлик менен –ред.) сүйлөшпөй коюшту” деп айтып калды. Мен дароо эле “биринчи кезекте барымтадагыларды бошотуу керектигин, ал эми жардам катары бир машине, анан бир жансакчы бериңиз, анткени жолдо тигинисине да, мунусуна да баш ийбеген эки жинди талаа командирлери бар экен” десем, сурагандарымды берди.

Анан Гармга келдик, анда келип эми дасторконго олтурсак, атыш башталып кетти. Ал жерден “Волганы” таштаттырып, бизге шоопуру менен “УАЗик” беришти эле, ошо машине менен түз эле Хаитке түшүп кеттик. Шох Искендеров деген Ходженттин областтык ички иштер башкармалыгынын начальнигине бардык. Ушул жерден эскерте кетсем, Шох Искендеров азыр Тажикстандагы Ленинабаддын, азыркы кыргыз-тажик мамилелери курчуп турган аймакты бүт карайт, ошол жооптуу. Ал кезде полковник болсо, азыр генерал болуп калыптыр, аны атайы Кыргызстандын чек арасына жетекчи кылып коюшкан, себеби, көп жылдан бери ошол аймакта иштеп, ал жактын коен жатагына чейин билет дегени окшойт да.

“Тажикстандагы элчибизди тоготуп деле коюшкан жок. Аны таштап, Жума Наманганиге жардамчым экөөбүздү эле алып кетти”

Ошол. Анан ошол Искендеровго келдик, Жерге-Тал районундагы Хаит деген жерге. Бир күн мейман болгон соң чыдабай Шохко “рахмат, коюңду жедик, бирок, биз башка маселе менен келгенбиз, ИДУнун башчысы Жумабай Намангани Кыргызстандан чыгып, азыр сенин аймагыңда экен” десем, “андай эмес, менде жок” дейт. “Калп айтпа, мен билем, атайын келдим” десем уялып үйүнө кеткен.

Эртеси кара байрак илинген кара “жип” келди. Ичинен бирөө түшүп, “Турсунбай Бакир уулу ким?” деп сурады. “Олтуруңуз машинеге!” дегенинен “кое туруңуз, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси бар” десем, “Элчи жөнүндө буйрук жок, бул олтурбайт!” деп кесе сүйлөдү. “Андай болсо жардамчымды алып алалы, бул Жумабай Наманганин досу экен” десем, “Андай болсо олтурсун” деди да экөөбүздү алып кетти. Жансакчы да калды. Тигилер менен жүрүп олтуруп, бир тоонун ортосунда жайгашкан жакшы бир үйгө алып барды. Кыргызстандан чыгып кетишкен моджахеддердин айрымдары ошол жерде экен, эшик тоскучуна салам айтып ичине кирсек, олтурат Жумабай Намангани. “Бериңиз катты” деп алик алаары менен каттарды менден алып окуду. Экинчисин да окуду. Андан соң “Ажыке, ким келсе башын алайын деп жаткам. Силерде бир бети күйгөн бирөө бар экен, келсе эле башын алайын деп тургам” деди.

- Ошондо “бети күйгөн” деп кимди айтып жатыптыр?

“Намангани Турсунбек Акун, ыраматылык Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаевдерди айтып, УКМК жетекчисинин орун басары Верчагиндин катын көрсөттү”

- Ыраматылык каскадер Үсөн Кудайбергеновду.

- Эмнеге?

- “Алар каапырлар” деп... Анан “аты сизге окшош дагы бирөө бар экен, чечендер менен түшкөн сүрөттөрү жүрөт, ал келсе да башын алабыз, себеби, анын кесепетинен бир топ туугандарыбыз камалып кетти” дейт.

- Бул эми Турсунбек Акун да?..

- Ооба, ошону айтып жатат. Андан кийин “бир мафиоз депутатыңар бар экен, Акаевге “мага уруксат бериңиз, мен 200 атчан менен барып моджахеддерди жок кылам” деп кат жазыптыр. Кана, келбейби?”, - дейт.

- Ким, кайсы депутат ошондо?

- Ыраматылык Баяман Эркинбаевди айтып жатат. Мындан башка ошол кездеги УКМКнын орун басары Верчагинди айтып, аныңар “Урматтуу, Жумабай Намангани! Каалаган жериңерге баралы же силер келгиле, вертолет менен камсыз кылабыз” деп кат жазды. “Сүйлөшпөйбүз деп жаттыңар эле, мына” деп Верчагиндин катын көрсөттү. “Бирок, сиз жүрөгүмдөн ачкыч таптыңыз, сиз менен сүйлөшөм, азыр эс алалы” деди да чогуу намаз окугандан кийин бизди Кыргызстандын аймагында каза болгон алардын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин бир тууган агасы Абдырахман Юлдашевге кайтартып койду.

Эртеси эртең менен жолго чыктык. Ошондо жергеталдык кыргыздарды көрдүм, булар кара байрак менен өтүп бара жатканда жолдун боюнда баштарын жерге салып, кыймылдабай турушат экен. Катуу чоочутуп коюшкан окшойт, баштарын өйдө көтөрүшпөйт. Бир топ жүргөндөн кийин шагыл төгүлгөн жол менен тоо тарапка барып бир постко такалдык. “Пароль!”, эми Наманганини алардын баары тааныйт да, ошентсе да ал паролду айтты, өтүп кеттик. Эми бул мен үчүн өзүнчө спектакль.

- Улай бериңиз андан ары...

- Андан өтүп кыргызча аталыштагы Жылуу-Суу деген жерге бардык. Мына, моджахеддердин баары ушул жерде экен, көйнөк-шымдарын, чулгоолорун жууп, илип алып жатышат ар кайсы жерде эс алышып. “Сиз ушул жерге туруп туруңуз, мен азыр үчөөнү алып келем” деди.

“Зардалыдагы кыргыз милицияны сойгон кыргыз бала мени кайтарып турду

- Кайсы үчөөнү? Ал жерде - барымтада үчөөдөн көп да?..

- Туура, алар үчөөдөн көп болчу. Ушул жерден бир нерсени айта кетейин, Бишкектен Дубайга чыгып бара жатканда Аскар Акаев мага “биринчи япондор менен генералды бошотосуң” деп айткан. Мен ошондо эле сыртка чыкканда тажик жардамчыма “генерал менен япондордун кожоюну бар экен, биз тескерисинче, алгач старшина, лейтенанттарды бошотобуз дагы, Акаев айткандарды эң акырына калтырабыз” дегенмин. Кийин Наманганиге “Сиз бул жердеги башкы командачы экенсиз, укугуңуз бар, дагы эки адамды кошуп коюңуз. Афганистандагы Тахир Юлдашев үч адамга уруксат берди, ошону менен бешөө болуп калсын” деп сурандым. “Ойлонуп көрөм” деп ал кетти, өзүнүн жата турган жерине. Эртеси күнү келип азыр алып келем деп кетти, саатты карап турдум, Жылуу-Суудан барымтадагылар турган жер канча аралык экенин. Себеби, Кыргызстанга барганда коопсуздук комитет менден сурашын билем.

Жардамчым экөөбүздү автоматчан бирөөсүнө кайтартып койгон. Анан карап туруп, “Эй, кыргызсыңбы?” десем, “каяктан билип алдыңыз” деп чоочуп кетти. Мен психологмун дедим. Ал “ооба, кыргызмын” дейт. Аты-жөнүн сурасам Акботоев Курсан экен. Анан өзү “Зардалыдагы милицияны мууздаганды уктуңуз беле?” деп сурайт. “Ооба, уккам” десем, “ошону мен кылгам” дейт беймарал. “Акмак экенсиң, тек эле койбойт белең” десем, “мени көп камачу эле, ага биздин көчөдө да майрам болот, ошондо сени менен эсептешим алам деп бир нече ирет эскерткем. Мына, ошонун сааты чыгып, ал колго түшөөрү менен колу-бутун байлап туруп, мууздап салдым” дейт. Кийин колу-буту байлануу мууздалган өлүгү табылбадыбы. Бирок, сөзүбүздүн акырында “бул тууралуу Жума Наманганиге айтпаңыз, ал билсе мени өлтүрүп коет” деп суранды. Мен негизи Наманганинин алдында ашыкча сөз да сүйлөбөшүм керек болчу, барымтадагылардын тагдыры үчүн. Бир чети ошону ойлоп, “болуптур, айтпайм” деп койдум.

- Анан тигилер келиштиби? Канча убакыт экен болжолуңузда?

- Болжолум эмес, саатымды карап койгом да, келишти, саатты карасам 1 саат 48 мүнөт өтүптүр. Беш туткунду алысыраак түшүрүп коюп Жума өзү келди да “Ажы аке, мына, сиздин айтканыңызды кылып, үчөөнө дагы экөөнү коштум” деди.

- Ушул жерден тактап албайлыбы. Ал туткундар тиги япон геологдор менен генералдан сырткары бешөөбү, же кандай?..

- Ооба, алардан башка. Баары биздин милициялар – эки ага лейтенант, эки старшина жана бир сержант.

“Генералдын атын билбей аз жерден Кудай сактады”

- Генарал калдыбы ошондо?

- Азыр. Сөз ошого бара жатат. Ошол жерден Жума айтып калды: “Убада бергем, сизден бир өтүнүчүм бар эле, генерал Шамкеев сиздин досуңуз экен, бир сүйлөшүп койбосузбу” дейт. “Мейли, сүйлөшөйүн” дегеним менен ага чейин Шамкеевди тааныбасам, анан бул жагы кандай болот болду экен, бирок досум эмес деп айтканга да болбойт деп сарсанаага түштүм. Ал учурда, ал көз ирмемдерде бир сөздөн жаңылууга болбойт эле.   

- Анан ал сизди кайдан досум деп жүрөт?

- Эми жан ширин да, жан сакташ үчүн ыраматылык генерал “Турсунбай экөөбүз жакын дос болобуз” деп койгон экен. Анткени алар “Азаттыктын” өзбекче уктурууларын дайым угушат экен. Ал күндөрдүн ар бир күнүндө ошо “Азаттыктын” өзбек дагы, кыргыз дагы уктурууларынан берип жатышкан да, менин аракеттерим тууралуу. Ошонун баарын тигилерге кошулуп генералыбыз да угуп турган экен. Ошого тигинтип айтып жиберген тура.

- Жолуктуңузбу анан?

- Ооба, жанагы эле машине менен Намангани өзү кетти да, жанагы эле убакытта Шамкеевди алып келди. Келип алыстан түшүрүп койду негедир. Генерал ошол машинеден түшөөрү менен “Оо, Туке, досум!..” деп алыстан эле ыйлап келе жатат. Мен болсо же атын билсемчи, жооп кайтарганы, “Шамкеев досум” деп айта албайсың да. Себеби, мен ага чейин ал генерал тууралуу укпаптырмын, нары Акаев да мага дайындап жатканда атын айткан эмес, болгону “генерал Шамкеевди бошот биринчилерден” деген эле. Аты ким эле дейм, атын билбесем тигилер шексинип калышы турган иш. Ошентип кыжаалатта турган учурда, болжол менен анын мага жетишине 10-15 кадам калганда Жума Намангани чыдабай кетип: “Анарбек ака, эмнеге ыйлап жатасыз? Сиз бизде конокто жүрөсүз го. Сиз биздин кадырлуу мейманыбызсыз, эмнеге ыйлап?..” деди эле шак өзүмө келе калып, аа, аты Анарбек турбайбы деген ишеничте “Оо, Анарбек досу-уум!..” деп анан мен да кыйкырып, экөөбүз кучакташып калдык...

(уландысы бар)   

Булак: NazarNews.kg   

 

                    

      

Последние новости