www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан барган акушер-гинеколог Индира Мырзалиева Памирде шериктештик төрөт кабыл алды. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыргызстандык дарыгерлер Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирдин жашоочуларына гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүшүп жатышкан.
Индира Мырзалиева Кыргызстандан Памирде шериктештик төрөт кабыл алгандардан биринчиси болду. 13-октябрда 2700 граммдык наристе төрөлдү. Төрөт жеңил болуп, эне менен баланын абалы канаатандыраарлык. Акушер-гинеколог баланы эмизүү жана төрөттөн кийин кам көрүү боюнча түшүндүрдү.
“Баланын атасы Кыргызстандан тажрыйбалуу дарыгер төрөттү кабыл алганына абдан ыраазы болду”,- деп билдиришти.
Ошондой эле, Улуттук кардиология жана терапия борборунун тоо медицина бөлүмүнүн кызматкери Марипов Абдирашит кайрылган жергиликтүү элге консультация берип, медициналык жардам көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg