www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
— Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары;
— Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
— Апышев Адилет Топчубаевич — «Ошэлектр» ачык акционердик коомунун электро-монтеру;
— Байтиков Курманжан Бурганакович — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Түп райондук электр тармагынын башкы инженери;
— Наркеев Ырысбек Шергазиевич — «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын Ат-Башы электр тармактарынын улук диспетчери;
— Омуралиев Рысбек Адилетович — «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги;
— Сооронбаев Аскар Акылбекович — «Жалалабадэлектр» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:
— Болотбек уулу Алидин — Токтогул ГЭСинин электротехникалык лабораториясынын инженери;
— Калыбеков Медербек Калыбекович — Токтогул ГЭСинин жабдууларын оңдоо боюнча 4-разряддагы электрослесары;
— Маматалиев Топчубек Мейманович — Таш-Көмүр ГЭСинин электромашина цехинин 4-разряддагы слесары;
— Надбагин Рафаиль Валиулович — «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун жылуулук тармактары боюнча начальнигинин орун басары;
— Оганов Шайлообек — Токтогул ГЭСиндеги электроцехинин 5-разряддагы электрослесары;
— Худайбердиев Исак Акбаралыевич — Азия өнүктүрүү банкынын «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу тобунун начальниги.