www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда окуучулардын окуу программаларында көптөгөн каталар кетип, баш-аламандыкка түшүп жатканы 30 жылдан бери талкууланып келет, бирок жыйынтык жок. Бул көрүнүш кайталанып олтуруп кайдыгерлик жеңип чыкса, улуттун уңгусуна терс таасирин тийгизип, келечектеги жаштар маанилүү багыттарга кол шилтеп салса кандай болот, деген будөмүк ойлор жеп келет. Алсак төмөнкү жомокту журналист Бегимай Керимова социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Эми окурман жомокко көңүл буруп коюңуздар.

Темасы: карышкыр менен козу

Карышкыр суунун жогору жагында суу ичип жаткан. Бир кичинекей козу эч нерсени байкабай келип, карышкырдан ылдыйраак жерден суу ичип калды. Карышкыр козуну көргөн соң, аны жеш үчүн бир шылтоо издеп, козуга кыйкыра сүйлөдү:

— Эй, сен мен иче турган сууну эмне үчүн ылайлап жатасың?

— Каке, мен сенин иче турган сууңдун бир четин да булгаган жокмун. Сен жогору жагында турбайсыңбы, - деди козу.

Карышкыр дагы бир шылтоо таап мындай деди:

— Сен былтыр менин атамды сөккөнүңдү билесинби?

— Былтыр мен туула элек болсом, кандайча сиздин атаңызды сөкмөк элем, - деди козу.

Карышкыр ага чыдай албай:

— Так ушинтип мага каршы сүйлөгөнүң үчүн, - деп козуну баса калып жеп койду.

Бул жомок моралдык караңгылык жана эч кандай позитивдүү чечим жок. Күч менен үстөмдүк чагылдырылып, окуучуга терс маанай калтырат. Карышкырдын аракеттери жаштарга туура эмес сигнал берет. Жомок трагедия менен аяктайт жана жаштарга сабак ала турган сап жок. Болгону бир жагдай адилетсиздиктен улам козуну жеп салганы көрүнүп турат.

Тагыраагын айтканда бул жомоктун сюжети өтө катаал жана кээде “жиндилердин” маанайын эске салат. Сын-пикир менен карасак, кара күч жана адилетсиздик тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.

Жогорку жомокту, кайсы түшүнүгү тайкы жомокчу жазган экен же автор өзүнүн саясый абалын чагылдырып жатабы? - деген ой жарала. Жомок бөбөктөргө эмес, саясатчыларга жазылып калгандай. 

Жомок тууралуу толук сын-пикирлерди Бегимай Керимованын социалдык баракчасынан окуй аласыздар. 

 

Последние новости