www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровго мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кат жолдонду.
Коомдук жана саясий ишмерлер президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен өлкө башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылышты.
Президент Садыр Жапаровго парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу:
“Сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз. Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз. Элдин толук ишенимин алган жаңы президент жана анын командасы натыйжалуу программа иштеп чыгып, мурдагы ийгиликтерди улантып, эффективдүү жаңы заманбап идеялардын негизинде олуттуу маселелерди чечип, ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнү туруктуу өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрөт деп терең ишеним артабыз”, - деп кайрылган.
Документке кол койгон 75 адамдын арасында коомдук ишмерлер, экс-премьер-министрлер, депутаттар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү бар.
Каттын авторлору президенттик мөөнөткө байланышкан укуктук талаштарга токтолушуп, коомдогу бөлүнүүлөрдүн алдын алуу максатында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү керектигин белгилешкен.
Эске салсак, КР Президенти Садыр Жапаров 2021‑жылдын 10‑январында шайлоодон жеңип чыгып 5 жылдык мөөнөткө президент болгон. Эски конституциянын негизинде анын мөөнөтү 5 жыл деп белгиленген, бул жаңы конституциянын 6 жылдык мөөнөткө карата талкуусуна алып келүүдө.