www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда "Кара-Кече" көмүр кесиминде "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалы жана "Шарбон", "Ак-Жол" ишканалары көмүр өндүрүп, элди көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. "Демилге" ишканасында кендин үстүңкү катмарын тазалоо иштери улантылууда. Көмүрдүн запасы кенен. Быйыл 9 ай ичинде облус боюнча 469 миң тонна көмүр өндүрүлгөн, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 миң тоннага көп казылган. Кезек күткөн автоунаалар жок. Күнүнө болжол менен 100дөн ашык автоунаага көмүр жүктөлүп, республиканын аймактарына чыгарылууда. "Турускул" көзөмөлдөп өткөрүү жайында тараза иштеп жатат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

22-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев "Кара-Кече" көмүр кесиминде болуп, көмүр өндүрүүнүн абалын жеринде көрдү. Тиешелүү тармактардын, укук коргоо органдарынын жана көмүр ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди укту.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кечедеги филиалынын жетекчиси Аят Сансызбаев буюрса көмүр жетиштүү экенин, жергиликтүү бийлик тарабынан тартип, коопсуздук маселеси гана көзөмөлдөнүп берилсе элдин кышка даярдыгы өз нугунда жүргүзүлөөрүн билдирди.

Жыйында Кара-Кече - Дыйкан жолуна салынган альтернативалуу жолдогу тик болуп айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жаткан бөлүгүн оңдоо үчүн күчтүү техника зарылдыгы жолчулар тарабынан көтөрүлүп, көмүр ишканаларынын жардамы менен маселе чечилмей болду. Мындан сырткары Миң-Куштагы 250 миллион тонна көмүр запасы бар кенди "Ак-Улак" көмүр ишканасы иштете албаса "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына иштетүүгө берүү, ошондой эле көмүр ишканаларына техника сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү маселелери айтылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Алиев Сары-Чат постунда Нарын облусунун көмүр тарткан автоунааларын башка облустарга көмүр ташып сатуусун көзөмөлдөө иши колго алынганын билдирди. Бул иш облустун элин биринчи кезекте камсыздоо максатын көздөйт. Кеңешмеде облус жетекчиси көмүр ишканаларынан элди үзгүлтүксүз камсыздап берүүлөрүн өтүнүп, айтылган маселелерди Өкмөткө билдирип, чечүү аракетин көрөөрүн убада кылды.

Кара-Кечедеги "Турускул" көзөмөлдөп өткөрүүчү жайында тараза иштеп жатат. Бул жерде укук коргоо, салык кызматынын өкүлдөрү да бар. 45 тоннадан ашык жуүк жүктөгөн автоунааларга 10 миң сомдон айып пул салынууда. Бирок муну менен да маселе чечилбей, ашык жүк жүктөгөн автоунаалардын катары үзүлбөй келет.

Ыйгарым укуктуу өкүл тараза боюнча абалды жеринде көрүп, буга чейинки бир ай ичинде канча автоунаа өткөнүн анализдеп, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жагын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине тапшырды. Ошондой эле Дыйкан-Кара-Кече жолундагы маселени жеринде көрдү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости