www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кечеде жер көчкү түшкөн жол тазаланбайт, айланма жол гана салынат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 15-сентябрь күнү жер көчкү түшкөн жер ("Дыйкан - Кара-Кече" жолунун 37-чакырымы) менен таанышкан комиссия жолду тазалоого болбой турганын аныкташкан.

"Ошондуктан айланма жолду салуу чечими кабыл алынды. Ал иштер үчүн 4 экскаватор, 3 бульдозер, 4 самосвал тартылып, 20 тонна күйүүчү май жеткирилген. Жолдун бир тарабын салууга 10-12 күн кетет. Учурда ал жакта 2 бульдозер, 2 экскаватор иштеп жатат. Жумуштар бүгүн саат 07:00дө башталган", - деп билдирет министрлик.

Эске салсак, 14-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече - Дыйкан" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости