www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кечеден көмүр урдагандар 700 миң сомду кайтарышты

Кара-Кечени басып алуу аракеттери болгон күнү, көмүр кесиминен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен мыйзамсыз көмүр чыгарылып кеткен. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекованын билдирди. 

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жыйынтыгында 21 автоунаанын өздүгү аныкталды. Ошол маалда “Кыргызкөмүр” 1 миллион сомго жакын  чыгымга учурап, жыйынтыгында 700 миң сому кайтарылды. Айдоочулар “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кассасына келип төлөп кетишти. 

Эске сала кетсек, кылмыш иши болгон күнү Канатбек Ашырбаев тарабынан Нарын облустук ИИБинин  жетекчиси Улан Алиевдин атына арыз менен кайрылуу болгон. Ар бир тергөө иштери “Кыргызкөмүр” МИнын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүрүп турду.

 Азыркы учурда бети ачыла элек, бир нече гана иштер калды. Нарын облустук ИИБинин билдиргенине караганда алар соттук кароого жөнөтүлдү.  

Учурдан пайдаланып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана ушул жерде криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн бөлүм башчысы Акжол Шамшиевге  натыйжалуу иш алып баргандыгы үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана жалпы жамааты терең ыраазычылык билдирет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости