www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Темирбек Ажыкулов билдирди.

Анын айтымында, тазалануу алгач ички дүйнөдөн, көз караштан, ой жүгүртүүдөн башталат. “Бир Бол” партиясынын курамы жаңыланганын тазалык аркылуу элге жеткирүү керек.

“Биз тазалануу иш-чарасын шаар ичинде жүргүзгөн жокпуз. Себеби, Кара-Көл шаарынын кире беришиндеги чоң жолдун эки жээги таштандыга толуп кеткен. Ал жакка эч ким көңүл бурган эмес. Ошол себептен тазалыкты чоң жолдо жүргүздүк. Жолдун жээгинде жашаган жергиликтүү калк мындай ишке сүйүнүп, өзүлөрүнө жакын аймакты биз өзүбүз эле тазалайбыз деп жардам беришти. Тургундар ыраазычылыгын билдиришип, жакшы демилге көтөрүпсүздөр деп сүйүнүштү”, -деди Темирбек Ажыкулов.

Иш-чарага 60тан ашык адам катышып, 10 чакырым жерди тазалашкан.

Эске салсак,  “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 - октябрь, 2020-жыл.

Последние новости