www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжа районунда каржы пирамидасын уюштурган деген шек менен бир аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 6-августта Ош шаарынын тургуну Б.Г. милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү алар Ж.Ж. аттуу аял менен “Жылы-Суу” мончосунун жанындагы кеңседе жолугушкан. Арыз ээсинин айтымында, шектүү адам ишенишке кирип, миллионер болууга убада кылып, кирешелүү бизнеске акча салууну сунуш кылган. Шектүүнүн айтымында, алынган кирешенин көлөмү анын канча адам бул ишке катышаарына байланыштуу. Жабырлануучу 58 миң сом берген.
Шектүү катары Кара-Кулжа районунун тургуну, 1979-жылы туулган Ж.Ж. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга жаткырылган.
Сотко чейинки териштирүү Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүгү (“Финансылык пирамидаларды уюштуруу”) боюнча жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күнгө чейин жабырлануучулардан 5 арыз келип түшкөн.
Ош шаарынын милициясы бул иш-аракеттерден жапа чеккен жарандардан 0505 103 190 номерине чалып билдиришин суранат.
Булак: NazarNews.kg