www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын кызматкерлери 20-октябрда Кара-Кулжа районунун калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адисин кармады. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, О.Т.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акча үчүн Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С.га жасалма документтердин негизинде Кыргызстандын паспортторун даярдап берген. О.Т.А. УКМКнын абагына камакка алынды.
УКМК бул факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз паспорт берүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.
Булак: NazarNews.kg