www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамкаттоону тескеп турганда паспорттогу «кыргыз» деген жазууну алып салуу үчүн жан үрөп күрөшкөн Тайырбек Сарпашев деген «чиниш» бар. Сарпашев мүдүрүлүп, ичип-жегенин кусканы Финполго чакырылган менен Сыймык Жапыкеев менен жең-учунан сүйлөшүп, желдей сызбай эле тайфунга айланган. Бирок анын фирмалары «Кумтөргө» май ташып жүргөнү үчүн шектелип жатканында да кеп бар. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет».
Сарпашев Ош базарында батиңке сатып жүргөндө, ар кимге «каскадёр» болуп «вузга» өткөзүп жүргөн агасынын акылына жакшы нерсе келет. Ал ар кайсы кыздын артынан ээрчип жетпей жүргөн көк көз инисине Майрам Акаеванын классташы катары чалчаңдап чоң кызматтарда жүргөн Жолчубек, тоюз, Тойчубек Касымовдун кызына ууга чыгып алып берет.
Касымов Таласка губернатор болуп жол салат да, ашуу-бурулуш белдерге Аскар Акаевдин, Майрам Акаеванын классташы, Мисир Ашыркуловдун, Дастан Сарыгуловдун аттарын ыроолоп Көлгө губернатор болот.
Ал жерде түз эле Алматыга жол салып, көнгөн адаты боюнча бийликтегилердин атына жамынып, бул жерди кайсайт. Анын мындай дарамети Акаевге жагып, улам өйдөлөп турганда, кызын алган «мурдунун чимкиригин аарчый албай» жүргөн Тайырбек Сарпашевди депутат кылып, «Градиент» фирмасын түзүп берет.
Бакиевдин убагында кайын атасы Касымов Болгарияда жашынып жатса, күч күйөөсү Тайырбек Сарпашев вице-спикер катары, ошол мезгилде кол шилтеп кеткен Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязовдордун ордуна бекем жабышкан. 2007-жылы 16-декабрда ал Каныбек Иманалиев менен ыйык «Туран» партиясын түзгөнү менен ар кимдин жетелендисинде калат.
2011-жылы Сарпашев «хамалеондой» кубулуп, Атамбаевдин «Форумдагы» Бишкек шаардык штабын жетектеп калат. Анын жылдызы Атамбаев бийликке келген күндөн баштап жанат. Ал жетектеген «Градиент» фирмасы 2010-жылдан баштап жарым миллиард долларлык 110 мамлекеттик тендерди утуп алган.
Албетте, ал ЖЧКнын башында биринчи вице-премьердин бир тууган агасы Эмир-Радик Сарпашев отуруп, анын тендерден утуп алганы тууралуу документтер сакталып турганын айта кетмекчибиз.
Бул боюнча Жогорку Кеңеште Максат Сабиров башында турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Сабировдун айтуусунда «Градиент» ЖЧКсы «Кумтөргө» күйүүчү май ташып, ал жерден иштетилген күйүүчү майды алып чыгып, фермерлерге сатып, ортодо Тайырбек Сарпашевге таянып жок жерден байлык топтоп жатат деген.
Бирок ал комиссиянын тамагын майлай коюштубу, үнү чыкпай дымып калды. Бул комиссия ушул маселе боюнча иш жүргүзүп отуруп, биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин жетегинде 8 компания 2010-жылдын 2013-жылга чейин эле 529 млн 522 миң сомдук 110 тендерди утуп алганын белгилеген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg