www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылын тыюу салынган террордук уюмдардын катарынан Орусия чыгарууга умтулат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ошол эле маалда Путин алгач мындай кадамга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши барышы керек экенин белгиледи.

Орусия бийлиги кыймылды расмий түрдө тааныбай туруп, анын мүчөлөрү менен Москвада бир нече жолу жолугушуу өткөргөн. 20-октябрда Орусиянын борбор шаарында "Талибан" кыймылынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда "Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялар" жыйыны өткөн. Анда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандын жаңы бийлигинин эл аралык сахнадагы макамына карабастан, алар менен өз ара аракеттенүү керек экенин белгилеген.

Талибдер августтун ортосунда Ооганстандын дээрлик бардык аймагын, анын ичинде баш калаа Кабул шаарын дагы өз көзөмөлүнө алган. Ага чейин алар коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө өлкө бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп келген.

Бирок бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин билдирип, өкмөттү өз алдынча түзө баштаган. Алар Ооганстанды "Ислам Эмираты" деп жарыялап, анда диний көзөмөлдөгү бийлик болоорун билдирген.

Батыш өлкөлөрү "Талибанды" Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү деп тааный элек. АКШнын президенти Джо Байден - талибдер бул үчүн узак жол басып өтүшү керек экенин билдирген.

Талибдер 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстанды башкарып, аны Ислам эмираты деп жарыялаган. Анда алардын өкмөтүн үч гана өлкө – Пакистан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары тааныган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости