www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда 2026-жылдын 3–8-август күндөрү өтүп жаткан «Кара куурай» рейддик иш-чарасынын алкагында мыйзамсыз өскөн кара куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жок кылуу иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Константиновка айыл аймагында жапайы өскөн кара куурай өсүмдүктөрү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды.

Белгиленгендей, «Кара куурай» рейддик иш-чарасынын негизги максаты – курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз өстүрүлүшүнө жана жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле баңгизатка байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу.

Бул багыттагы профилактикалык жана рейддик иш-чаралар белгиленген мөөнөттө улантылып, мыйзамсыз өскөн кара куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Последние новости