www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусунда сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан объектилерди жеринен көрүп чыкты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, министр алгач Кызыл-Кыя шаарындагы Жал-Сай сел өткөрүүчү сайында курулуп жаткан коргоо тосмосунун абалы менен таанышты.

Учурда ӨКМдин «Баткен КМО» мамлекеттик ишканасы тарабынан бетон тосмонун курулушу дээрлик аяктап калды. Долбоор Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, шаарды сел коркунучунан коргоого багытталган.

Ошондой эле министр Кадамжай районунун Учкун айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө маселесин жеринде талкуулады.

Ал тиешелүү долбоорду иштеп чыгып, аны келерки жылдын иш-планына киргизүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Баткен шаарындагы сел өткөрүүчү сайды кеңейтүү жана көпүрөлөрдү чоңойтуу боюнча жүргүзүлө турган иштер менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө долбоордук-сметалык документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Последние новости