www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай автожолу» карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Өзбекстан Республикасынан алып келинген 24,9 тонна пияз продукциясы Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра экспорттоочу тарапка кайтарылды.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, мамлекеттик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө импорттолгон жүктүн таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган.

Мыйзам талаптарына ылайык, аталган жүктү өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берилген эмес жана ал экспорттоочу тарапка кайра жөнөтүлгөн.

Департамент өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте улантылып жатканын билдирди.

Последние новости