www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дания Латвияга аскердик батальонун жөнөтөт

Дания жакынкы күндөрү НАТОнун чыгыш капталын бекемдөө алкагында Латвияга аскердик батальонун жөнөтөт.

Маалыматка ылайык, батальон Канаданын жетекчилиги астындагы НАТОнун көп улуттуу бригадасынын курамында кызмат өтөйт. Даниянын портторунан Латвияга танктар, жөө аскерлердин согуштук унаалары, бронетранспортерлор жана башка аскердик техника жеткирилет.

Аскер кызматкерлери ушул айдын аягына чейин Латвияга келип, миссия 2027-жылдын январына чейин уланары айтылууда.

Бул Дания 2022-жылдан бери Латвияга жөнөтүп жаткан бешинчи аскердик батальон болуп саналат. Копенгаген бул миссиянын максаты — НАТОнун Россияга карата бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү экенин билдирген.

Последние новости