www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэриясы: Ак-Бууранын жээгине жаңы базар курулбайт

Ош шаардык мэриясы социалдык тармактарда тараган Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мурдагы эски базардын ордуна кайрадан базар курулат деген маалыматты төгүндөдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган аймакка базар эмес, шаарды өнүктүрүү жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо максатында этно-борбор курулат.

Долбоордун алкагында дарыянын жээгиндеги 50 метрлик корук тилкеси толугу менен сакталат. Учурда инвесторлор үчүн маалыматтык кеңсе курулуп жатат.

Кийинки этапта мурдагы курулуштарды демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Жаңы этно-борбордо Ош шаарынын тарыхын, улуттук маданиятын жана руханий баалуулуктарын чагылдырган объектилер жайгашат.

Ошондой эле анда Алымбек датканын медресесине арналган өзүнчө бөлүк каралган.

Мэрия шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу бардык иштер мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөрүн белгилеп, жарандарды расмий маалыматтарды гана ишенимдүү булактардан алууга чакырды.

Последние новости