www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык «Кара кызыл сары» («Black, Red, Yellow») көркөм тасмасы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Эл аралык кинофестивалында башкы сыйлык — Гран-прини жеңип алды.
«Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан тартылган тасмага башкы байгени эл аралык калыстар тобу ыйгарды.
Жеңүүчү тасма фестивалдын жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тарабынан жарыяланды.
Министр фестивалдын төрт күндүк жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстан биринчи жолу мындай масштабдагы эл аралык кинофорумду өткөрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, катышуучулар мазмундуу жана сапаттуу тасмаларды тартуулап, кесиптик тажрыйба алмашып, кино ар түрдүү маданияттарды жана салттарды бириктире аларын көрсөтүштү.
«Кара кызыл сары» тасмасынын жеңиши көрүүчүлөр тарабынан узакка созулган кол чабуулар менен коштолду.
ШКУ өлкөлөрүнүн биринчи Эл аралык кинофестивалы 16-июлдан 19-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Ага уюмга мүчө сегиз мамлекеттин кинематографисттери катышты.
Фестивалдын алкагында сынактык көрсөтүүлөр, кесиптик талкуулар жана кино тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жолугушуулар уюштурулду.