www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырым унаа жолу толугу менен жаңыланып, асфальт төшөлдү.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылды.
Жолду жаңылоо иштери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жолдун жээктери бекемделип, жол белгилери жана коргоочу тосмолор орнотулууда.
Ошондой эле айдоочулар үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар курулуп жатат.
Жаңыланган жол туристтердин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүп, Кырчын жайлоосунун туристтик потенциалын арттырууга өбөлгө болору белгиленди.