www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районундагы кырсыктан кийин 15 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жети адам жатат, алардын абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышат. Нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө эки жабырлануучу жаткырылды, абалы орто.
Бир адам Шаардык клиникалык ооруканага жаткырылды, абалы орточо оор.
Эки бала Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор жана өтө оор деп бааланууда.
Үч жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.
Эске салсак, жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында болуп, үч жеңил унаа — КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia кагышкан. Жалпысынан жол кырсыгынан 22 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болгон.
Булак:NazarNews.kg