www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Адилет» укуктук клиникасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун бийликтин бейөкмөт уюмдар менен мамилеси жана кызматташтыгы тууралуу айткандары боюнча билдирүү жасады.
15-ноябрда Байсаловдун «жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер катары айткан сөздөрү кооптонуу жаратып жатканы», анын «кесиптик компетенциясынын төмөндүгү», «объективдүү маалыматты таптакыр билбей турганы” белгиленет.
Жарандык коом өкүлдөрү жаңы Баш мыйзамды жазган конституциялык кеңешменин курамында иштегенин, 350дөн ашуун негизги мыйзам анализделип жаткан инвентаризация ишине активдүү катышып жатканын, алар бийлик үчүн аналитикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жогорку квалификациялуу изилдөөлөрдү дайыма уюштуруп тураарын белгилеген клиника Байсалов «чындыкка дал келбеген маалымат таратып», «кызматтык этиканы жана моралдык жүрүм-турум нормаларын бузуп жатканын» кошумчалайт.
Аны менен катар «Адилет» - Байсалов менен 2007-жылы (ал тарткан шайлоо бюллетенинин сүрөтү Интернетке жарыяланганда, мамлекетке 11 миллион сомдук зыян келтирилген деп айыпталган) жана 2017-жылы (тынчтык маршы учуруда чагым жасаган деп күнөөлөнгөн) иштешип, жардам берген тажрыйбасын да эске салат.
Жалпысынан, 2002-жылдан бери 68 миң юридикалык колдоо, кеңеш бергенин билдирген клиника жардамын акысыз негизде калктын баардык катмарына көрсөтүп келе жатканын кошумчалайт.
15-ноябрда бийлик менен жарандык сектор ортосундагы мамилени талкуулаган жыйында Байсалов бейөкмөт уюмдар бийлик менен кызматташкысы келсе эң ириде конфронтациялык маанайдан баш тартышы керектигин белгилеген. Ошону менен катар ал: «Бизде айрым бейөкмөт уюмдар чуулгандуу пресс-конференция уюштуруу жана социалдык түйүндөрдөгү жөнү жок айыптоолор менен гана алек», - деп, «Миңдеген мыйзам долбоорлорун талкуулоого ал уюмдардын бири да катышпайт», - деп айткан.
Байсалов бийлик кабыл алган чечимдеринин сапатын жакшыртуу максатында укук-ченем актыларынын долбоорун экспертизадан жана коомдук сындан өткөрүп туруу үчүн «олуттуу ресурс» бөлөөрүн кошумчалаган.
Байсалов «Адилеттин» бүгүнкү билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg