www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Литванын президенти Гитанас Наузеданын Жакынкы Чыгыштан мигранттар Москва аркылуу Беларуска келет деген билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Лавров Литванын президентин калп айтты деп айыптады. Науседа 15-ноябрда маалымат жыйынында Орусия «бул кризиске тигил же бул жагынан байланыштуу» деп билдирди.
«Суверендүү мамлекеттердин президенттерине болгон урмат-сый менен, ушуга байланыштуу айтылып жаткан бул жалган билдирүүлөргө комментарий бергим келбейт. Мындай учур биринчи жолу болуп жаткан жок – «Баарынын артында Москва турат, Москванын колу көрүнүп турат бардык жерде». Бир дагы факты келтирилген эмес», - деди Лавров кырдаал тууралуу.
16-ноябрда мигранттар Польшага жетүү үчүн чек ара тосмосун бузууга аракет кылышкан. Польшанын чек арачылары аларды суу аткычтар, көздөн жаш агызуучу газ жана үн чыгаруучу гранаталар менен тарата башташты.
Эске салсак, ноябрдын башында качкындар Беларуста Польша жана Литва менен чек арага жакын жерде чогулуп, Евробиримдикке кирүүгө аракет кылышкан. Батыш болуп жаткандарды Минск уюштуруп жатат деп эсептейт.
Миграция агымы май айынын аягында президент Александр Лукашенко чек арадагы көзөмөлдү алсыратам деп коркуткандан бери күчөдү. Евробиримдик Беларуска каршы жаңы санкциялар пакетин киргизүүнү пландоодо.
Булак: NazarNews.kg