www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда 22-май күнү Мамажан айылынын 21 жаштагы тургуну Анара Абдуллаева өз үйүндө асынып каза болгон. Артында эгиз уулдары калды. Туугандарынын айтымында, маркум акыркы мезгилде турмуштук оор шарттарга туш болуп, материалдык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жүргөн.
Бир күндөн кийин, 23-майда Кыш-Абад айылында 27 жаштагы Гүлдана Алишер кызы да каза болгон. Алдын ала маалыматта ал үй-бүлөлүк талаш-тартыштан кийин мал сарайда асынып алган абалда табылган. Артында үч уулу бар эле. Эң кичүүсү тогуз айлык болгон.
Эки окуя боюнча тең милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу өлкөдө 31 адам каза болгон.