www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын башкармасы 25-майда эсептик ченди (негизги ченди) 12 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 26-майдан тартып күчүнө кирет.

«2026-жылдын башынан бери тышкы экономикалык чөйрө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу мүнөздөлүп, дүйнөлүк энергопродукция жана азык-түлүк рынокторунда баалар жогорулады, анын негизинде тышкы инфляциялык процесстер күчөгөн. Кыргыз Республикасы импорттун үлүшү жогору болгон чакан ачык экономика болгондуктан, тамак-аштын ички баалары да дүйнөлүк бааларга ылайыкташып өзгөрө баштаган.

Кыргыз Республикасындагы инфляция 15-майга карата 4,7 пайызды түздү (жылдык мааниде 10,9 пайыз). Инфляциянын түзүмүндө эң чоң азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшү таасир этти. Кыргыз Республикасында учурдагы инфляциянын факторлору тышкы драйверлердин жана ички шарттардын таасиринин сакталышынын алкагында монетардык эмес мүнөзгө ээ болууда, буга электр энергиясынын жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин пландалган жогорулашы, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардан улам, мейманкана жана ресторан кызматтарынын бааларынын жогорулашы жана жогорку ички суроо-талап себеп болууда.

Последние новости