www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кара-Суу районунда соодагерлер митингге чыкты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Датка» базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, акцияга чыккандар жакында орундар үчүн кымбаттатылган ижара акысына нааразы болушууда. Эми алар айына 1200 АКШ долларынан төлөй башташмакчы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, милиция кызматкерлери жеринде окуяга көзөмөл жүргүзүшүүдө. Араздашууну жөнгө салууга облустук бийликтин өкүлдөрү аракет жасоодо.

Кара-Суу районунда бир нече соода базар бар. Райондогу базар Борбор Азиядагы ири базарлардын бири.

Эске салсак, 2-мартта Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын соодагерлери директор Нурбек Эргешовдун иштен кетишин талап кылып митинг өткөрүшкөн. Алар базар жетекчисинин товар сактоочу жайлардын ордуна жаңы соода түйүндөрүн ачууну, базарга аты берилген Туратали Үсөн уулунун эстелигин жылдырууну пландап жатканын айтып, нааразычылык билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости