www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракалпакстандын ички иштер министри Аманбай Оринбаев кызматтан алынды.
Жергиликтүү "Эл сөзү" өкмөттүк гезитинин маалыматына караганда, Оринбаев Каракалпакстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын экология маселеси боюнча биринчи орун басары кызматына дайындалды.
Оринбаев Каракалпакстандын ички иштер министри болуп быйыл март айында дайындалган. Азырынча анын ордуна ким келгени айтыла элек.
23-июлда Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Юлдашевдин сунушу менен Каракалпакстандын прокурору Фарход Алламбергеновдун ордуна Эркабой Тажиев дайындалганы кабарланган. Тажиев 2016-2017-жылдары Каракалпакстандын прокурору болуп иштеген. 2019-жылдан бери Кашкадарыя облустук прокуратурасын жетектеп келген.
Июль айынын башында Каракалпакстандын борбору Нукуста жана башка аймактарында жапырт нааразылык акциялар өткөн. Жергиликтүү тургундар Каракалпакстанды суверендүү макамынан ажыратуу сунушталган Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыгышкан.
Нааразылыктар күч менен токтотулган. 4-июлда Өзбекстандын бийлиги 18 киши, анын ичинде 14 жай тургун жана төрт укук коргоо кызматкери каза болгонун, 516 адам кармалганын билдирген. Ошол эле күнү Өзбекстандын парламенти Конституцияны өзгөртүү долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын калтыруу чечимин кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg