www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну алдамчылык фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка, ылайык, 2026-жылдын 11-март күнү Кара-Суу РИИБге 1985-жылы туулган, Ж.П. аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Арызында ал 2025-жылдын 16-сентябрында А.С. аттуу жаран, анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен анын “Шевролет Трекер” үлгүсүндөгү автоунаасын 9000 (тогуз миң) АКШ долларга алып, акчасын үч айдын ичинде беремин-деп, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 11-май күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган А.С. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылууда.