www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда беш жашар кызды үйүнөн уурдап чыгып, зордуктаган 31 жаштагы айыпталуучуга өкүм чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билдиргенин Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Турак жайдын кол тийбестигин бузуу», «Адам уурдоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери боюнча 1993-жылы туулган Э. у. З.ны күнөөлүү деп тапты. Жыйынтыгында, ал өмүр бою эркинен ажыратылып, өзгөчө режимдеги колонияда өтөө өкүмү чыгарылды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 15-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 1991-жылы туулган А.А. аттуу жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Аталган аял 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөдөн жоголуп кеткенин билдирген. Көп өтпөй кыз талаадан белгисиз адамдын токтоп турган унаасынан табылган. Шектүү Ош облусуну 1993-жылы туулган тургуну Э.у З. болуп чыккан.

Последние новости