www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык аткаминерлердин көбү Израиль ХАМАСты эч качан жок кыла албастыгын айткан.

Израиль армиясы палестиналык ХАМАС кыймылы менен болгон каршылашууда өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн болгон чегине жетти. Бул тууралуу The New York Times жогорку кызматтагы америкалык аткаминерлерге таянып билдирген.

"Израиль Газада аскердик жаатта эмнеге жөндөмдүү болсо, анын бардыгына жетти. ХАМАСтын мындан ары алсыроосу азайып, бомбалоолор болгону жай жарандарды улам кооптуу тобокелдикке алып келип такоодо", — деп айтылган макалада.

 

Басылма аскердик жол менен Израилдин Газадагы башкы — жүздөгөн туткундарын бошотуу максатына жетүүгө мүмкүн болбостугун белгилеген. Алар ХАМАС тарабынан кол салуу учурунда 2023-жылдын октябрында колго түшкөн. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын мурдагы жетекчиси Жозеф Вотел Израиль туткундарды сүйлөшүү менен гана кайтарууга мүмкүн болорун эске салган.

NYT америкалык чиновниктердин көбү Израиль ХАМАСты капшабына катуу алып, бир топ эле талкалаганы менен баары бир кыймылды толук жок кыла албастыгын айтып жатканын жазды.

Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы ансыз да кыйын абал 2023-жылдын 7-октябрынан тарта кескин курчуп кеткен. Газа секторунан ракеталык чабуул жасалып, адамдар өлүп, кыймыл 200дөй кишини барымтага алган.

Израиль катаал жооп кайтарып, натыйжада анклав дээрлик блокадада калды. Еврей мамлекетинин куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан Газа боюнча октябрдан тарта көз жумгандардын саны 39,5 миңге жетип, жарадарлар 91 миңге чукулдады.

Кырдаал коңшу мамлекеттерге да таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгышта абал азыр тынч эмес.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости