www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс маймыл чечеги эпидемиясын эл аралык деңгээлдеги коомдук саламаттыкты сактоо үчүн өзгөчө кырдаал деп жарыялаганын РИА Новости билдирди. 

Күн мурун Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору маймыл чечек деп аталган mpox оорусунун чыгышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.

"Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар комитети мага бул болуп жаткан эл аралык деңгээлдеги ден-соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаал экенин айтты. Мен бул сунушту кабыл алдым", - деди Гебрейюс.

Анын айтымында, 2023-жылы маймыл чечегине чалдыккандардын саны бир топ көбөйүп, быйыл былтыркы көрсөткүчтөн ашып кеткен. Тагыраагы, 14 миңден ашуун учур катталып, анын 524ү өлүмгө алып келген.

"Конгонун чыгышында маймыл чечектин жаңы вариантынын тездик менен жайылышы, анын коңшу өлкөлөрдөн табылышы жана Африкада жана континенттин чегинен тышкаркы өлкөлөрдө жайылуу мүмкүндүгү чоң тынчсызданууну жаратууда. Африканын башка бөлүктөрүндө чечектин башка варианттарынын чыгышына байланыштуу адам өмүрүн сактап калуу үчүн олуттуу чаралар керек экени айкын", - деп баса белгиледи ДСУнун башчысы.

Маймыл чечеги – адамдар арасында жугуучу сейрек кездешүүчү вирустук инфекция. Анын белгилери кадимки чечек оорусунукуна окшош. Илдетке чалдыккан адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, бездери чочуп, алы кетиши мүмкүн. Андан кийин бетинде бүдүр пайда болуп, бара-бара денесинин башка жерлерине жайылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бул дарттан көз жумгандардын пайыздык көрсөткүчү төмөн.

Последние новости