www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ: АКШда сабалган кыргыз жигит Орусия жараны

Чикаго шаарында кол салууга кабылган кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулу Орусиянын жараны. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ал капчыгы менен бирге паспортун жана аскердик билетин дагы жоготкон.

«Жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө штаттык режимде уланып жатат. Жабырлануучу эч кандай каржылык жана башка жардамга муктаж эмес», — дейт ТИМ.

Эскерте кетсек, Шайлообек Базарбай уулун АКШда өспүрүмдөрдүн тобу сабап, тоноп кетишкен. Анын буту сынып, жаңы машинасы талкаланып, буюм-тайымы, капчыгы уурдалган.

Америкалык медиага маегинде, Шайлообек Базарбай уулу Чикагонун полициясы чара көрбөй, өспүрүмдөрдү кармабай жатканына арызданган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости