www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунун аймагында «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын аялдар канатынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын аялдар канатынын лидерлерин, мүчѳлѳрүн аныктоо багытында жүргүзүлгѳн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында “Самира” (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран террористик жана экстремисттик материалдарды таркаткандыгы аныкталган. Бул факты боюнча маалыматтык электрондук журналына катталып, аныктоо иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Самира социалдык тармактардан аял кишилердин кийим кечелерин сатуу учурунда террористик жана экстреммисттик чакырыктарды (Нашида) жайгаштырып таратып жүргөндүгү аныкталды.
Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык изилдѳѳгѳ берилген материалдарда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмуна мүнѳздүү материалдар экендиги такталган.
Кылмыш-Жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А.,экендиги такталып, тергѳѳ кызматына алынып келинген.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.
Сүрөт иллюстративдүү
Булак: NazarNews.kg