www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда кызматтык абалынан пайдаланып, жарандан 12 миң сом акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-августта Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал район аймагында мамлекеттик кызматта иштеген «А» аттуу адам маселесин оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси — кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталган.

Ал 1995-жылы туулган М.О. аттуу жаран болуп, буга чейин Кара-Суу райондук электр тармактарынын Беш-Мойнок участогунда жетектөөчү адис болуп иштеп келгени маалымдалды.

10-августта шектүү Ош шаарынын аймагынан кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан талап кылынган 12 миң сом акча каражаты табылып, тиешелүү тартипте алынган.

М.О. кылмышка шектүү катары Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Последние новости