www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында Роза Азимова атындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.
Бул мектеп шаарда курулуп жаткан алты жаңы билим берүү мекемесинин бири.
Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, ушул жылдын март айында башталган.
Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл мүмкүнчүлүктөр каралган.
Учурда объекттеги курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды. Имараттын сырткы дубалдарын жылуулоо иштери башталып, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүүдө.
Мындан тышкары, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштерине 100дөн ашык жумушчу тартылган.
Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин сапаты үзгүлтүксүз текшерилүүдө.