www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-августта Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы талкууланды.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөн жолугушууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, оюндун маданий программасынын башкы режиссёру, Кыргызстандын эл артисти Алтынбек Максутов, тарыхчылар, этнографтар, илимпоздор, маданият жана искусство өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК кызматкерлери катышты.

Министрдин маалыматына караганда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Оюндун алкагында Бишкек Аренада, Курманжан Датка этнографиялык музейинде, Чолпон-Атадагы ат майданында, «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» комплексинде жана Кырчын жайлоосунда бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат.

Программанын өзгөчө бөлүгү Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасы болот.

Анда улуттук музыка, театр жана фольклор, манасчылык, төкмө акындык өнөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, каада-салттар, элдик оюндар жана этно-мода багытындагы иш-чаралар өткөрүлөт.

Мирбек Мамбеталиев Кырчын кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн, каада-салтын, улуттук өнөрүн жана жашоо философиясын көрсөтө турган маанилүү маданий мейкиндик болорун белгиледи.
Мындан тышкары, өлкөнүн бардык облустары, Бишкек жана Ош шаарлары өз аймактарынын тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүн тааныштырат.

Чет мамлекеттердин маданий программалары жана чыгармачылык долбоорлору да сунушталат.

Жолугушууда Алтынбек Максутов «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасынын концепциясын жана программасын тааныштырды. Тарыхчылар менен этнографтар программанын мазмуну боюнча сунуштарын беришти.

Уюштуруучулардын айтымында, маданий программанын негизги максаты — улуттук мурасты сактоо, аны заманбап шартта жандандыруу жана келечек муунга өткөрүп берүү.

Последние новости