www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу райондук мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, «С.Л.» ЖЧКсына карата салыктык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Кара-Суу району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары «А.А.М.» кармалды.
2023-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.А.М.» кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «С.Л.» ЖЧКсы менен биргеликте салык төлөмдөрүнөн качуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.
Тастыкталган маалыматтар ылайык, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан. Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук МСК башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.А.М.» КР КЖК 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча шектүү катары айыпталды. 2025-жылдын 22-июль күнү Ош шаардык соту тарабынан «А.А.М.» КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.