www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентин туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана боордош өзбек элинин өнүгүүсү менен гүлдөп өсүшү үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коңшулаштык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө өз ара даярдыктарын билдиришти.