www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунун прокуратурасында үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү.
Кеңешмеде үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын өз убагында аныктоо, жабырлануучуларды коргоо жана тиешелүү органдардын ыкчам чара көрүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, мектеп окуучулары арасындагы мушташтарды жана башка укук бузууларды алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланып, жооптуу органдарга профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштеринин натыйжасында 2026-жылдын сегиз айында Кара-Суу районунда жашы жете электер тарабынан 18 кылмыш жасалган.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9 фактыга аз.
Өткөн жылдын сегиз айында райондо жашы жете электер тарабынан 27 кылмыш катталган.