www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоосу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Иш-чара Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде уюштурулду.
Кеңешмеге ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк компаниялардын жана курулуш уюмдарынын жетекчилери, чет өлкөлүк жарандардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Жолугушууда коомдук тартипти сактоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана чет өлкөлүк жарандар менен укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелери талкууланды.
Катышуучуларга Кыргызстанда жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар өлкөнүн мыйзамдарын жана коомдук тартипти сактоого милдеттүү экени эскертилди. Мыйзам бузулган учурда күнөөлүү адамдар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан иш берүүчүлөргө кызматкерлер арасында мыйзамдарды, миграциялык талаптарды жана коомдук тартип эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
ИИМ жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо багытында чет өлкөлүк жарандар, иш берүүчүлөр, окуу жайлар жана башка тиешелүү уюмдар менен кызматташууну улантарын билдирди.