www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Башкы прокуратурасы Тоолуу Карабактагы "антитеррордук иш-чаралар" маалында Орусиянын бейпилдик орнотуу күчтөрүнүн алты мүчөсү каза болгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-сентябрда Азербайжандын Куралдуу күчтөрү Жанятаг калктуу конушуна жакын жерде беш орус аскери бараткан автоунааны жаңылыштык менен аткылашкан. Алар автоунаа "армяндардын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнө" таандык деп ойлошкон.

Башкы прокуратура ошол эле күнү аймакта "армяндардын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн" аныкталбаган мүчөлөрү тарабынан Орусиянын бейпилдик орнотуу күчтөрүнө таандык "Камаз" автоунаасы аткыланып, бир орус аскери каза болгонун билдирди. 

"Башкы прокуратура бул эки факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыр тергөө иштери жүрүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

21-сентябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүп, Карабактагы орус аскерлеринин өлүмү үчүн кечирим сураган.

Көп өтпөй Орусиянын ТАСС агенттиги күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, орус жоокерлеринин өлүмү боюнча алгачкы шектүүлөр кармалганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, мындан тышкары бул окуяга күнөөлүү болгон аскер бөлүгүнүн командири иштен алынган.

19-сентябрда Азербайжан армиясы Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган. Баку муну "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деп түшүндүргөн.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын лидерлери 20-сентябрда ок атууну токтотконун жана Бакунун талаптарын аткарууга макул экенин билдиришкен.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРнин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү "Тоолуу Карабак Жумурияты" деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районун кайтарып алган. Бул окуядан кийин аймакка Орусиянын бейпилдик орнотуу күчтөрү жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости