www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь окуялары учурунда адамдарды уурдоо жана кыйноого алуу иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт. Буга чейин сотко мындай өтүнүч менен жабырлануучулардын адвокаттары кайрылган.
Бул иште жалпысынан 45 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында "Дикий Арман" деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев жана Улуттук коопсуздук комитетинин 5-департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков да бар.

Сот мындан тышкары тергөө абагында отурган айыпталуучулардын үй камагына чыгаруу жана Жумагелдиев менен Искаковдун УУКнын тергөө абагынан ИИМдин тергөө абагына которуу өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Ошондой эле айыпталуучуларды сотко видеобайланыш аркылуу катыштыруу тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.

Бул иш боюнча кийинки отурум 6-октябрга белгиленди. Ал жабык өтөт.

18-сентябрдагы отурумда Руслан Искаков Январь окуясы учурунда УККнын мурдагы төрага орун басары Самат Абиштин буйруктарын аткарганын билдирген. "Менин көрсөтмөлөрүмдү жашыруун кылып коюшту. Алар Самат Абиштин бул иштеги ролун жашыруу үчүн ушундай кылышты. Менин Абиштин буйруктарын аткарганымды айтуума тыюу салганга аракет кылып жатышат", – деген Искаков.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 19-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы Абишке карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Январь окуясы маалында "кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган" деп айыпталууда.

КазТАГ агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып, Абиш Казакстанда экенин, ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленгенин жазды.

Азырынча Самат Абиш өзү же анын жакындары бул айыптоо боюнча комментарий бере элек.

Экс-президенттин инисине карата кандуу Январь окуяларынан дээрлик эки жыл өткөндөн кийин гана айып тагылууда. Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал "Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын" иши боюнча "күбө катары" сурак бергени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости