www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан инвестиция алган ЕАЭБдин өлкөлөрү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан чыккан инвестициялар Беларусь менен Казакстанга берилди. Евразиялык экономикалык комиссиясы январь-март айларындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары боюнча маалыматтарды жарыялады.

Кыргызстандан Казакстанга 12,2 миллион доллар, Беларуска 0,4 миллион доллар, жалпысынан 12,6 миллион доллар инвестиция берилди. Өз кезегинде Кыргызстан бул убакыт ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 50,8 миллион доллар инвестиция алды:

Россиядан — 39,9 миллион доллар;

Казакстандан — 10,1 миллион доллар;

Беларустан — 0,8 миллион доллар.

Кеп келген түз инвестициялар жөнүндө болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости