www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Шаршенбеков таймашка чыгат. Каршылашы ким?

Бүгүн, 22-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча эки кыргызстандык балбан таймашка чыгат.

62 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.

Шаршенбековдун бул дүйнө чемпионатындагы биринчи беттеши 1/16 финалдан башталып, ал литвалык Юстас Петравичюс менен күч сынашат.

Бексултан Мадмудов да 1/16 финалдан баштап таймашка чыгат. Ал ким менен күрөшөрү азырынча белгисиз. Махмудовдун атаандашы грециялык Лаократис Кесидис жана египеттик Мохамед Али Элсаед Габрдын ортосундагы беттеште аныкталат.

Эскерте кетсек, ошондой эле, бүгүн дүйнө чемпионатынын финалында Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости