www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жарандарды Европага ишке орноштуруу боюнча алдамчылыкка шектелген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз РИИБине Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну кайрылган. Өзүнүн билдирүүсүндө белгисиз жаран июнь айында аны Европага жумушка орноштурууга убада берип, кызматы акысы үчүн 40 миң сом алып, изин жашырынып кеткенин билдирген.

Берилген арыз Жети-Өгүз РИИБинин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, алдамчылыкка шектелип Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну Р.К. кармалган.

21-сентябрда райондук соттун чечими менен кылмышка шектелген жаранга карата камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткандардын саны көп болушу мүмкүн. Буга байланыштуу жабырлануучулар Жети-Өгүз РИИБине кайрылуусу керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости