www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү катары мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну кармалды.

Криминалдык элементтер башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу максатында кол салып, ошондой эле физикалык күч колдонуу менен коркутуп, жарандан акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 
 2023-жылдын сентябрь айында Жайыл районундагы конуштардын биринде белгисиз адамдар Чүй облусунун тургунун бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 5000 сом акчасын алып кетишкен. 

Бул адамдар криминалдык чөйрөнүн адамдары тууралуу  айтышып, “общак” үчүн акча талап кылышкан. Мыйзамсыздыкка жана укукка каршы аракеттерге негизделген мындай жүрүм-турум алардын жазасыз калаарына ишенгендигин көрсөтүп турат. Андан кийин алар бир нече он миңдеген акча каражатын талап кыла башташкан. Мындан тышкары, шектүүлөр телефон чалууга кокустан жооп берген жабырлануучунун үй-бүлө мүчөлөрүн да коркутушкан.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү “Каракчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Тергөө кызматы менен биргеликте жүргүзүшкөн. 

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул ишке шектүүлөрдүн бири катары Чүй облусунун тургуну 1999-жылы туулган М.И. аныкталып, кармалган. Ал мурда укукка каршы аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар калган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кол салган кылмышкерлерге  мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости